АК-БЕШИМ шаар калдыгы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БЕШИМ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–12‑к‑дарга таандык, Токмок ш‑нан 6 км түш.-батыш тараптан орун алган ири шаар калдыгы. Шаардын борб. бөлүгү се­пил менен шахристандан турган, алардын дубал­дары калың келип, мунаралар менен чыңдалган. Шаардын борб. туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык менен кесиптен­ген шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы уз. 16 км келген дубал менен курчалган. Негизинен турак жай имараттарынын калдык­тары, тиричилик шаймандары, тыйындар, иск-­во жасалгалары (айкел, алтын жалатылып көркөмдөлгөн буюмдар), о. эле шахристандын түш. тарабында жайгашкан 6–8‑к‑га таандык эки будда храмынан (8‑к‑дын акырына чейин Буддизм өкүм сүргөн) арх‑ра, скульптура, сүрөт, курулуш техникасына тиешелүү бай материал­дар табылган. Табылгаларда О. Азия менен Чыгыш Түркстандын мад‑тына таандык окшош­туктар болуп, бул Улуу Жибек жолунун ролун айкындайт.

Файл:АК-БЕШИМ 134.png
1. Ак-Бешимдин сырткы көрүнүшү (реконструкция) 6-8-к.;.
Файл:АК-БЕШИМ 135.png
2. Планы

Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-Бди 6–10‑к‑да Батыш Түрк, Түргөш жана Карлук ка­гандыктарынын борбору болгон Суйаб ш‑нын калдыгы деп эсептешет. Археол. казууларды А. Н. Бернштам (1938–39), П. Н. Кожемяко (1953), Л. Р. Кызласов (1953–55, 1958), 1996-­98‑ж. Кыргыз УИА Санкт‑Петербург чыгыш таануучулары менен бирдикте казуу жүргүзүшкөн. А. мамл. корукка алынган.
Ад.: Бернштам А. Н. Түндүк Кыргызстандын археологиялык очерки. Ф., 1941; Кызласов Л. Р. Ак‑Бешимдин урандыларында 1953–54‑ж‑да жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоолор. Кыргызстандын археологиялык‑этнографиялык экспедициясынын эмгектери. II том. М., 1959.