АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Ат‑Башыдагы Арпа өрөөнүнө өтүүчү Ак‑Бейит ашуусунда, деңиз деңгээлинен 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, орто кылымдарга, ошондой эле 17–18‑кылымдарга таандык көрүстөндөрдөн, күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. Орто кылымга (13–14‑кылым) таандык күмбөз тегерек формада болуп, жан‑жактарына эшик сыяктуу анча байкалбаган кырлар жасалган. 17–18‑кылымдарда курулган бул күмбөз – архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет. Күмбөздүн аты менен ашуу Акбейит деп аталат.
К. Табалдиев.