АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Ат‑Башыдагы Арпа өрөөнүнө өтүүчү Ак‑Бейит ашуусунда, деңиз деңг. 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, о. кылымдарга, о. эле 17–18‑к‑га таандык көрүстөндөрдөн, күмбөз ж‑а мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. О. кылымга (13–14‑к.) таандык күмбөз тегерек формада болуп, жан‑жактарына эшик сыяктуу анча байкалбаган кырлар жасалган. 17–18‑к‑да курулган бул күмбөз – арх‑ранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет. Күмбөздүн аты м‑н ашуу Акбейит деп аталат.
К. Табалдиев.