АК-БЕЙИТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ат‑Башы кырка тоосунун батыш учу м‑н Арпанын Ала‑Тоосунун аралы­гындагы белбаскакта (Кара‑Суу, Орток тооло­рунун аралыгында) жайгашкан. Бийикт. 3286 м. Ашуудан Орток ж‑а Кара‑Суу тоолорунун кыр­лары 200–240 м, Ат‑Башы кырка тоосунуку 300– 1100 мге көтөрүңкү жатат. Ат‑Башы өрөөнүн Арпа, Ак‑Сай өрөөндөрү м‑н байланыштырат. Ал аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Аты ага жакын жердеги күмбөзгө байланыштуу пайда болгон.