АЙЮБ ХАН МУХАММЕД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЮБ ХАН МУХАММЕД (14. 5. 1907, Харипур ш. – 19. 4. 1974, ошол эле жер) – Пакистандын Президенти жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы (1958–69). Алигарх мусулман университетин, Королдордун аскерий окуу жайын бүтүргөн. Айюб хан 1947‑жылы Чыгыш Пакистан (азыркы Бангладеш) Куралдуу Күчтөрүн түзгөн. 1951‑жылы Пакистан армиясынын башкы командачысы, 1954–56‑жылдары Коргоо министри, ички иштер министри болуп иштеген. 1958‑жылы аскер төңкөрүшүнөн кийин аскер режиминин башында турган. Экинчи Пакистан конституциясын кабыл алууга аракет жасап, демократиялык укуктарга чектөөлөрдү киргизген. 1969‑жылы саясий оппозициянын күчү менен отставкага кеткен.