АЙЮБ ХАН МУХАММЕД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (14. 5. 1907, Харипур ш. – 19. 4. 1974, ошол эле жер) – Пакистандын Президенти ж‑а Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы (1958–69). Алигарх мусулман университетин, Королдордун аскерий окуу жайын бүтүргөн. Айюб хан 1947‑ж. Чыгыш Пакистан (азыркы Бангладеш) Куралдуу Күчтөрүн түзгөн. 1951‑ж. Пакистан армиясынын башкы командачысы, 1954–56‑ж. Коргоо министри, ички иштер министри болуп иштеген. 1958‑ж. аскер төңкөрүшүнөн кийин аскер режиминин башында турган. Экинчи Пакистан конституциясын кабыл алууга аракет жасап, демокр. укуктарга чектөөлөрдү киргизген. 1969‑ж. саясий оппозициянын күчү м‑н отставкага кеткен.