АЙЫР ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– суу бөлгүч кырка тоолор. Алар суу алаптарын же суу башаттарын бөлүп турат. Мис., Борб. Теңир‑Тоодогу Ак‑Шыйрак кырка тоосу Нарындын ж‑а Таримдин алаптарын бөлүп турат. «Айыр» деген түшүнүк башка тилдерде да кеңири таралган, бирок түрдүү маанилерди берет: азербайжанча «айрыж» – жол тоому, алтайча, өзбекче «айры» – шаңшаар, капчыгай. Казакстанда Аир наамындагы көптөгөн тоолор ж‑а ашуулар бар; монголчо «айрик» – жапыз тоо, дөбө маанисинде, к. Суу бөлгүч.