АЙЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Acorus) – ароиддер тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр сабагы жоон, сой­лоп өсөт, чачы тамырлуу, жалбырагы ичке кы­лыч сымал, уз. 1 мге жетет; топ гүлү – сото. Анын 2 түрү белгилүү. Кырг‑нда (Ысык‑Көлдүн чыгы­шында) кездешет. Өзөн, көлмө жээктеринде ж‑а саздарда өсөт. Вегетативдик жал м‑н көбөйөт. Та­мыр сабагынан эфир майы алынат, ал парфюме­рия, кондитер ө. ж‑да, о. эле андан алынган дары­лар медицинада боор, өт, бөйрөк ж‑а борб. нерв системасынын ооруларын дарылоодо колдонулат.