АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – а. ч. өндүрүшүнүн ар кыл тармагында электр энер­гиясын колдонуу. Электрлештирүү эмгек өн­дүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мааниге ээ. Электрлештирүүнүн натыйжалуулугу мал чар­бачылыгында кеңири байкалат, анткени анда машинелердин дээрлик көбү электр энергиясы м‑н иштейт. Электр энергиясы механизмдердин иштеншн автоматташтырууга шарт түзүүдө. Мал чарба фермаларын суу м‑н камсыз кылууну электрлештирүү малдан алынуучу продуктулар­дын өсүшүнө шарт түзөт ж‑а эмгектин сарпта­лышын 20% ке үнөмдөөгө алып келет. Электр энергиясы канаттуулар фермасында кеңири кол­донулат (жасалма жол м‑н балапан чыгаруу, жылытуу, жарык мөөнөтүн узартуу, ыландар­га каршы нурландыруу, тоюттандыруу ж. б.).