АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климат­тык шарт, айдоо аянтынын структурасы, ры­ноктун алыс‑жакындыгы, экономикалык жана социалдык инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен айыл чарба. өндүрүшүнүн географиялык бөлүштүрүлүшү. Мында эм­гектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактар­дын салымы аныкталат жана айыл чарба продукция­сынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистеш­тирүүгө шарт түзүлөт. Мисалы, Нарын облусунда не­гизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чар­балары жайгаштырылган. Айыл чарбасын ади­cmeшmupyy жана Айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу жана бири би­рин шарттап турат.

А.С. Ажыбеков.