АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ, агро­метеорология– метеорол. кубулуштар менен айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери жана процесстери ортосундагы өз ара байланыш ж‑дөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуу­лугу менен темп‑расы, кардын түшүшү жана анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги ж. б. метео­рол. шарттар а. ч. өндүрүшүнө түздөн‑түз таа­сир этет. Ошондуктан А. ч. м. айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агро­метеорол. прогноздоо жолдорун белгилеп, өндү­рүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор ме­теорол. станцияларда жана посттордо жүргүзүлөт.