АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ – о. кылымга (12‑к.) таандык арх‑ралык эстелик. Казакстан Респ-­нын Жамбыл обл‑нун Тараз (мурунку Жам­был) ш‑на жакын жердеги Айшабүбү айылын­да жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑ж. В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑ж. А. Н. Бернштам, 1953‑ж. Казакстан ИАнын археол. тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чар­чы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) ж‑а бийик, төбөсү кумпа (ка­занбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыш­тан курулуп, маңдай жагы ар кандай айба­наттардын сүрөттөрү ж‑а оймо‑чиймеленген жа­зуулар м‑н кооздолгон. Айшабүбү белгилүү та­рыхый инсан – Карахандын аялы болгондук­тан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маа­лыматтар да бар. А. к. Казакстан Респ‑нын тарых ж‑а мад‑т эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамл. корукка алынган.
Ш. Керимова.