АЙТЫМ КҮҮЛӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТЫМ КҮҮЛӨР – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазму­нун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат ж‑a тууроо сыяк­туу каражаттарды колдонуу менен комуздун жана кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жо­мок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жан­такпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулар­дын репертуарында ж‑a чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «То­гуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) Айтым күүлөр не­гизги орунду ээлеген. Б. Алагушов.