АЙТМАТОВ М

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:50, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙТМАТОВ Мураталы Бекматович ( 16.12. 1957, Ош (азыркы Жалал‑Абад) обл., Жаңы‑Жол (азыркы Аксы) р‑ну, Караван (учурда Кербен ш.) айылы – 2018, Бишкек) – ветеринария илимд. доктору (1997), доцент (1991), проф. милдетин аткаруучу (2010). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1980). 1980–81‑ж. КАЧИде улук лаборант, Москва ветеринария академиясынын аспиранты (1981–85). 1985–92‑ж. КАЧИнин анатомия ж‑а акушерство кафедрасынынын ассистенти, 1992–97‑ж. ушул эле ин‑тта кафедрада доцент; Айыл ж‑а суу чарба министирлигинде а. ч. кеңеши кызматынын директору (1997–98); 1998–2001‑ж. ошол эле жерде директордун орун басары, 2001–02‑ж. ушул эле фонддун мененжери; 2002–05‑ж. ошол эле министирликтеги Кенеш берүү ж‑а окутуу борборунун директору, 2005–06‑ж. ошол эле жерде башкы тренер. 2006–10‑ж. Ташкенттеги Эл аралык Борб. Азия ж‑а Кавказ б‑ча а. ч‑н изилдөө мекемеси–ИКАРДда ил. кызматкер; 2010‑ж‑дан КУАУнун проф. милдетин аткаруучу ж‑а биомаданий борборунун жетекчиси. Анын 123дөн ашык ил. эмг., а. и. 94 методикалык ж‑а практикалык сунуштар, 1 монография, 3 анатомия ж‑а жалпы биология б‑ча терминдердин сөздүгү, 4 ил. китептер, 9 брошюра ж‑а 2 патенти жарык көргөн. Эмг.: Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт‑П., 1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.