АЙТМАМБЕТОВ Дүйшө

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:15, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Дүйшө [1921, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Күнчыгыш (азыркы Бөкөнбаев) айы­лы – 1985, Фрунзе] – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1981), проф. (1983). 1951‑ж. Кыргыз мамл. пед. ин‑тун бүтүргөн. 1951‑жылдан Кырг‑н КП БКнын аппаратында жооптуу кыз­матта, «Мугалимдер газетасынын» редактору, Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин‑тунда кенже, улук ил. кызматкер, Кыргыз пед. ил‑изилдөө ин‑тунда сектор башчы, 1981‑85‑ж. КМУда Кырг‑ндын тарыхы кафедрасында доцент, проф. болуп иштеген. Анын ил. эмгектери Кырг‑ндын рев‑яга чейинки салттуу мад‑тын изилдөөгө ар­налган. 130дан ашык ил. эмгектин автору.
Эмг.: Развитие культуры киргизского народа во второй половине 19 и начале 20 вв. Ф., 1967; Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1963, 1968.