АЙТБАЕВ Базылбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТБАЕВ Базылбек (1926, Талас облусу , Бакай­-Ата району, Бейшеке кыштагы – 1986, ошол эле жер­де) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). Эмгек

Файл:АЙТБАЕВ 13.png

жолун 1942‑жылы Талас обл­усунун Ленинполь районундагы «Бейшеке» колхозунда ка­тардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1957-­жылдан баш чабан. Ал кой чарбасын өнүктүрүүдө мык­ты ийгиликтерге жетишип, 1972-жылы ар жүз тубар койдон 161ден козу, ар койдон 5,2 кг жүн; 1973‑жылы 163төн козу, 5,3 кг жүн кыркып алууга жетишкен. 1974‑79‑жылдары СССР Жогорку Совети­нин, 1967‑75‑жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.