АЙРЫ КУЙРУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРЫ КУЙРУКТАР (Milvus) – жырткыч куш­тардын карчыгалар уруусу. Уз. 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушун­дан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка ж‑a Ав­стралияда кездешет; Кыргызстанда тоолордо жана өрөөндөрдө таралган. Тарп ж‑a майда кеми­рүүчүлөр, куштар, кескелдириктер менен азыкта­нат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. А. к‑дын чоң топтору жазында ж‑a күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарак­тарга же аскаларга салат. 2‑3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.