АЙНЕК КУМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – айнек чыгарууга пайдалануу­чу кварцтуу кум. А. к‑нун таза сортторунда кремнийдин кош кычкылы Si02 99,5‑99,9% ке жетет. А. к‑нда кремнийден башка алюминий, кальций, магний, калий ж‑а натрийдин кыч­кылдары да болот. Эгер А. к‑нда темир м‑н хромдун кычкылдары ж‑а орг. заттардын ко­шундулары болсо, тунук айнек жасоого зыянын тийгизет. Айнек чыгарууда кварцтуу кумдун 0,2‑0,5 мм өлчөмдөгү бүртүкчөлөрү 85‑90% бо лушу зарыл. Кырг‑нда Сөгөтту кварц куму кени

м‑н Сулукту кварц куму кени А. к‑нун ири кен­дерине кирет.