АЙНЕК ИШТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:17, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙНЕК ИШТЕРИ– имараттардын терезе, каал­галарын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнектер жана айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага ж. б. жарык кирүүчү оюктардын ал­кактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңдыгы 2, 3, 4, 5 жана 6 мм болот. Мында айнектен башка негизги материал катары олифте даярдалган бор жыл­чык шыбагы (замаскасы), минералдык майлар­дан жасалган битумдуу жана темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пайдаланылат.