АЙНЕК БЛОКТОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙНЕК БЛОКТОРУ– айнектен жасалган куру­луш материалы. Ал бири бирине ширетүү менен эки жарым айнек блоктон пресстелип даярда­лып, блок көңдөй болот. Айнек блоктору жарыкты жак­шы өткөрүүчү, жылуулук жана үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы боюнча чар­чы, тик бурчтуу; жарык, техникалык сапаттары боюнча жа­рык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук жана күн нурунан сактоочу; кооздугу боюнча түстүү жана түссүз; конструкциясы боюнча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу менен даяр­далат. Айнек блоктору турак үйлөрдө, коомдук жана өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы жана ички тосмо конструкциялар катарында колдонулат. Блоктор бири‑бири менен цементтелип би­риктирилет.