АЙМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙМАК – жер бетинин өзүнө мүнөздүү табигый,о. эле адамдын таасиринен пайда болгон касиеттери ж‑а ресурстары бар белгилүү бир бөлүгү. Айрым чет өлкөлөрдүн адм.-айм. бирдиги (мис., Монголияда, Тувада, Бурятияда, Дагстанда). Башка тилдерде А. – уруу, урук‑тукум, эл‑журт (фарсы, эвенк, якут), кыштак, маала, коом (азербайжан), айылдын чети (татар, мари), көп (башкырт) деген маанилерди берет.