АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГОО
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГОО – кандайдыр бир себептер менен (адамдын иш‑аракетинин натыйжасында) айлана‑чөйрөгө (табиятка) ага
жат болгон физ., хим. жана биол. заттардын кириши. Жат заттардын чөйрөдө табигый түрдө (жанар тоо атылышы, токой өртү ж. б. себептер менен) жана антропогендик таасирден (адамзаттын чарбалык иш‑аракетинин негизинде) пайда болот. А.-ч. б. үч негизги багыт б‑ча жүрөт: физ., хим. жана биол., к. Биологиялык булгоо.