АЙКИДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙКИДО (япончо – күчтү топтоо жолу)– Чы­гыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. А‑ну япониялык мастер Морихей Уесиба самурай­лардын аскер иск‑восунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑ж). А. жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашы­нын аракетин өзүнө бурдуруу максатында ча­буулдап ж‑а кайра кармоодон тез кетүү пайда­ланылат. А‑нун ыкмаларынын жети жүз жыл-
Файл:АЙКИДО55.png

дык тарыхы бар, түпкү тамыры самурай доору­нан башталат. А. ыкмалары ар тараптан ке­лишкен, адамдын денесин ж‑а анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. А. бул табият м‑н адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын те­реңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын А. федерациясы 1995‑ж. Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан А‑нун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө А. башка чыгыш таймашууларынын ка­тарында өнүгүүдө.