АЙДАРОВ Ташпай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 26 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЙДАРОВ Ташпай (1919, Жалал‑Абад обл., Чаткал р‑ну, Каныш‑Кыя кыш. - ө.ж.б.) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1971). 1932‑жылдан Чаткал р‑нундагы «Победа» колхозунда колхозчу, баш чабан, 1958­-жылдан «Чаткал» совхозу­нун (азыркы «Каныш‑Кыя») баш чабаны.
Файл:АЙДАРОВ51.png

Койдун санын көбөйтүүдө жогорку ийги­ликтерге жетишип, 1970‑ж. ар жүз тубар койдон 140тан козу алып, чыгашасыз асы­раган, ар койдон 4,2 кг жүн кыркып алган. 1975‑80‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин депутаты. Эки Ленин ордени м‑н сыйланган.