АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРКЕН ФЛЮРИТ КЕНИ-- Баткен обл‑нун Кадамжай р‑нунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңг. 1650–1950 м бийиктик­те. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑ж. запасын бекит­кен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кенташ тулкулары менен флюорит минералы байла­нышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя тү­рүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы б‑ча запасы –267 миң т С2 –270 миң т, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц –261 миң т, С2 – 269 миң т.