АЙДАРКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРКЕН, Х а й д а р к е н – Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар (2012‑жылдан). Ал Ай­даркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганы­на байланыштуу 1942‑жылы отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңгээлинен 1980 м бийиктикте, Кызыл‑Кыя – Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км түштүк-батыш, облустун борбору Баткен шаарынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 12 миң (2015). «Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде), музыкалык мектеп, 4 китепкана, оорукана, медициналык үй­ бүлөлүк борбор, дарыкана, маданият үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.