АЙВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙВАН (перс. эйван бастырма, иван зал, ак сарай) – 1) Орто Азияда турак жайлардын, мечиттердин ж. б. имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр м‑н тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Парфия м‑н Сасаниддик Ирандын ак сарайларында, орто кылымдагы Орто Азия, Иран, Афганистан ж. б. өлкөлөрдө мечиттер м‑н ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай).

Файл:АЙВАН46.png
Айваны бар турак үйлөр.

Кыргызстандын ай­магында (көбүнчө түштүгүндө) айваны бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоң­ку чатыры купол түрүндө жабылып, капталын­дагылары кышкы имаратка ылайыкташтырыл­ган. Мындай мечиттер Орто Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. шаарларында да кезигет.

Д. Өмүралиев.