АЙВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (перс. эйван бастырма, иван зал, ак сарай) – 1) О. Азияда турак жайлардын, мечиттердин ж. б. имараттардын алдына улай же өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр м‑н тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир, эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Парфия м‑н Сасаниддик Ирандын ак сарайларында, о. кылымдагы О. Азия, Иран, Афганистан ж. б. өлкөлөрдө мечиттер м‑н ак сарайларда адамдарды кабыл алуучу жай).
Файл:АЙВАН46.png
Айваны бар турак үйлөр.

Кырг‑ндын ай­магында (көбүнчө түштүгүндө) А‑ы бар көп турак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоң­ку чатыры купол түрүндө жабылып, капталын­дагылары кышкы имаратка ылайыкташтырыл­ган. Мындай мечиттер О. Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. ш‑ларында да кезигет.

                                                                            Д. Өмуралиев.