АЙБАНАТТАР СТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археол. илиминде А. с. деп б. з. ч. 1-­миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түш. Сибирде, О. Азияда ж‑а Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реал­дуу ж‑а мифологиялык айбанаттардын турпат­тарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (тотемизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.). 
Файл:АЙБАНАТТАР СТИЛИ43.png
Колодон жасалган букалар (б. з. ч. 5­3 к., Ысык‑Көл өрөөнү, Челпек айылы).

Адамдар ошо­лорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап, тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жа­ныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазар­ларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, о. эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, курал­дарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүл­гөн. Кырг‑нда А. с‑не таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.

                                                                                                                                                                                     К. Табалдиев.