АЙ-КӨЛ көлү

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:31, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түн. кап­талындагы Ак‑Суу суусунун төрүндө жайгашкан тоо көлү. Лейлек р‑нун аймагында. Уз. 2,2 км, туурасы 0,4 км. Аянты 1,0 км2, суусунун көлөмү 57 млн м3. Деңиз деңг. 2938 м бийиктик­те жайгашкан. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Бөгөттүн уз. 1,5 км. Too этектери көлгө тик түшөт. Көлдөн Ак‑Суу суусу башталат.