АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – өсүмдүктү азот м‑н

азыктандыруучу минералдык ж‑а орг. заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар орг. жер семирткич (кык, чым­көң, компост) ж‑а минерал жер семирткич (азот­туу аммиак, аммоний нитраты, аммоний суль фаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакат­тар) болуп бөлүнөт, о. эле азоттуу көк жер се мирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун ми нералдык кошулмалары -– нитраттар ж‑а ам моний туздары м‑н азыктанат. Амид А. ж. с. мочевина, кальций цианамиди ж‑а мочевина­формальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина м‑н аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын ар­тыкчылыгы концент‑сы жогору, арзан өндү­рүлөт ж‑а оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. б­ларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий м‑н камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комп­лекстүү жер семирткич даярдоого ж‑а курамы на микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ж. с‑н колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биол. ж‑а топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот. Н. Д. Дүйшембиев.