АЗОБИРИКМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЗОБИРИКМЕЛЕР – молекуласында "азо"- ­N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал м‑н байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы форму­ласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси али­фаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең ароматтык радикалдардан турган А. кеңири таралган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, о. эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перманганат м‑н калыбына келтирүүдөн алынат. Ароматтык А. түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдар­дын түрүнө ж‑а орун алмашуу мүнөзүнө, алардын санына байланыштуу. Булар маанилүү азо боёкторду синтездөөдө колдонулат.