АЗИНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – циклде көмүртек атомдорунан тыш­кары эң кеминде бир атом азоту бар бирикме­лер. Гетероциклинде бир атом азоту бар А‑ге пиридин (I) ж‑а хинолин (II); эки ж‑а андан көп атом азоттууларга диазиндер (III) ж‑а триазин­дер (IV) кирет. Ядродо азоттон тышкары башка гетероатомдору бар А‑ге оксазин (V) ж‑а тиазин (VI) таандык:
Файл:АЗИНДЕР31.png

А. негиздик касиетке ээ, к‑талар м‑н туздарды пайда кылат. Алар түрдүү мед. каражаттарды, ууландыруучу газдарды, баалуу азин боёкторун алууда колдонулат. А‑дин көпчүлүгү тирүү орга­низмге эң керек ДНК м‑н РНКнын негизги ку­рамын түзөт.