АЗИМОВ Пигам

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:40, 28 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗИМОВ Пигам Азимович (1. 1. 1915, Түркмөнстан – 1994, Түркмөнстан) ­– түркмөн тилчиси, лингвист, Түркмөн ИАнын академиги (1951). 1966‑ж. чейин Түркмөн ИАнын Президенти. П. Азимовдун негизги эмгектери түркмөн тили­нин грамматикасы, лексикасы жана сөз жасалуу­суна арналган. Жогорку окуу жайлар менен мектептер үчүн бир нече окуу китептердин да автору. «Түркмөн дили» (1950) деген белгилүү эмгеги бар. Ленин ордени менен сый­ланган.