АЗИМОВ Пигам

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗИМОВ Пигам Азимович (1. 1. 1915, Түркмөнстан ‑ 1994, Түркмөнстан) ­- түркмөн тилчиси, лингвист, Түркмөн ИАнын академиги (1951). 1966‑ж. чейин Түркмөн ИАнын Президенти. П. Азимовдун негизги эмгектери түркмөн тили­нин грамматикасы, лексикасы жана сөз жасалуу­суна арналган. Жогорку окуу жайлар менен мектептер үчүн окуу китептердин да автору. «Түркмөн дили» (1950) деген белгилүү эмгеги бар. Ленин ордени менен сый­ланган.