АЗИЗ НЕСИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 15 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗИЗ НЕСИН (чын аты‑жөнү Махмуд Н у с р е т; 20. 12. 1915 – 6. 7. 1995, Алачаты, Измир, Турция) – түрк жазуу­чусу, сатирик. Көркөм искусство академиясында окуган. Көптөгөн күлкүлүү

Файл:АЗИЗ НЕСИН28.png

аңгемелердин, роман­дардын автору, саясий ж‑а социалдык сатиранын чебе­ри. Азиз Несин «Боштондуктагы жиндилер», «Кызмат адамы» адгемелерин жазган. Ал түрк турмушунун терс жактарын «Өлгөн эшек» (1958), «Азамат» (1959) ж. б. чыгармаларында келеке­лейт. Азиз Несиндин каарманда­ры – майда чиновниктер, жолу болбогон интелли­генттер, жумуш таппай убайым тарткан карапа­йым адамдар болгон. Анын сатиралык «Футбол пады­шасы» (1957) «Зюбюк» (1961) аттуу романдары, «Иттин куйругу» (1958), «Тиги дүйнөдөн кат» (1960), «Сиздин саатыңыз нече болду?» (1970) китептери басылып, айрымдары кыргыз тили­не которулган. Ал сатириктердин эл аралык конкурсунда «Хамди аттуу пил» (1956), «Казан азган» аңгемелери үчүн эки жолу «Пальма бу­тагы» м‑н сыйланган.