АЗАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (ар. изина – билдирүү, кулактандыруу, чакырык) – мусулмандарга парз болгон беш убак намаз учурун жарыялаган чакырык. А. чакыр­ган адам – азанчы деп аталат. А. бийик жерден же мунарадан чакырылат. Азанчы жүзүн Меке­ге (кыбылага) карай буруп, кулагынын көнчөгүн баш бармак же сөөмөй м‑н кармап, бийик үн м‑н жар салат. Алардын ар бири 3–4 жолу кай­таланат: «Алладан башка кудай жок, ал баа­рынан жогору. Мухаммед – Алланын элчиси. Алладан башка кудай жоктугуна күбөмүн, на­мазга ашыккыла! Күнөөдөн арылууга ашыккы­ла! Намаз уйкудан жакшы». Ал эми кыргыз сал­тында А. каадасы өзгөчө орунда туруп, эзелтен эле кереметтүү, сыйкырдуу күч катары кабыл­дашкан ж‑а жаңы төрөлгөн наристенин аты аталып, А. чакырылган.