АЖЫРАТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЫРАТКЫЧ электрдик – обочолоткучка (изоляторго) бекитилип, кыймылдуу жана кый­мылсыз тиймектерден турган электр техникалык тү­зүлмө. Анын негизги кызматы электр тизме­гинин кээ бир бөлүктөрүн агын (ток) жок кез­де ажыратуу жана алмаштырып бириктирүү. Ажыраткыч электр тизмегинде көрүнүүчү ажырымды түзөт жана жогорку чыңалуудагы бөлүштүрүүчү түзүл­мөлөрдүн өчүрүлгөн бөлүгүндө негизинен уту­румдук жана оңдоо ишин жүргүзүүдө коопсуз­дукту камсыз кылат. Ажыраткычтын чабылуучу (6­10 кВтук чыңалууда, бычагы кыймылдуу тий­мектик тегиздикте чабылат), айлануучу (35 кВтон 500 кВко чейинки чыңалууда, бычагы жерге жарыш тегиздикте айланат), п а н ­т о г р а ф т ы к (чыңалуусу 500‑750 кВтук, бычагы пантограф түрүндө жыйналып‑жазыла турган), а с ы л м а ж. б. түрлөрү болот.