АЖЫКУЛОВ Рыскул
АЖЫКУЛОВ Рыскул (1898, Ош облусу, Кара‑Суу району, Монок кыштагы – 1982, ошол эле жерде) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966).
Кыргыз ССРинин дыйканчылыгына эмгек сиңирген устат (1958). 1931‑жылдан Ош облусунун Кара‑Суу районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун пахта өстүрүүчүлөр бригадасынын бригадири. Ал жетектеген бригада 1964‑жылы 130 га жердеги пахтанын ар гектарынан 35,8 цден, 1965‑жылы 123 га жердин ар гектарынан 32,56 цден түшүм жыйнап алган.
Ленин ордени менен сыйланган.