АЖЫДААР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– мифологиялык жаныбар; элдик жомоктордо учуроочу, адамды да, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чык кан канаттуу, зор (кээде көп баштуу) жылан. А‑дын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жаман­дык да кылуучу жаныбар катары пайда бол гон. Мис., «Манас» эпосунда А. суунун жана жаан‑чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат.