АЖЕКБАРОВ Каныбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЖЕКБАРОВ Каныбек (1957-жылы туулган, Нарын облусу., Кочкор району, Кош-Дөбө кыштагы) – экономика илимдеринин доктору (2010). 1980-жылы ФПИни бүтүргөн. Эмгек жолун СССР Курулуш банкында улук экномист болуп баштаган; Балыкчы СМУда жаңы техниканы ишке киргизүү боюнча мастер, Кыргыз ССР Курулуш министрлигинде улук экономист, Чүй өнөр- жай курулуш мекемесинин 264-ПМКсында пландоо бөлүмүнүн начальниги; “Алтын-Казык” АКнын директорунун милдетин аткаруучу; КРдин өкүмөтүнүн аппаратында бөлүмдүн референти; КМШнын Москвадагы штабында директордун орунбасары, ЕвроАзЭСте Интегациялык комитеттин Бюджеттик депертаментинде салык саясаты боюнча жетекчинин орун басары. 45 илимий эмгектин автору,