АЖАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:50, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (өздөрүн ачарели деп аташат) – Ажар Автономия Республикасындагы грузиндердин этностук тобу. Саны 500 миң адам (2010). Грузин тилинде сүйлөшөт. А. грузин, Византия жазма маалыматтарына караганда 10‑к‑дан белгилүү. Алар б. з. ч. 6‑4‑к‑да Колхида, кийинче­рээк Иберия падышачылыгынын, б. з. 4‑к‑да грузиндердин мамл. бирикмеси – Лазиканын бир бөлүгү болгон. 4‑к‑да A‑да христиан дини та­раган. Алгач селжуктар (11‑к.), кийин түрктөр (16‑к.) басып алган мезгилде А. ислам динин кабыл алган. 
Файл:АЖАРЛАР7.png
Улуттук му­зыкалык аспа­бы – чибониде күү чалууда.

Алар өз эркиндиги үчүн түрктөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышып, орус‑түрк согушунан кийин (19‑к.) Грузиянын курамына кошулган. 1990‑ж. Ажар автономия респ. болуп түзүлдү. А. негизинен мал чарбачы­лык ж‑а дыйканчылык м‑н кесип кылышат.