АДЫР кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 16 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЫР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Мырза‑Аке айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 19 км түштүк-чыгыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 25 км. Деңиз деңгээлинен 1140 м бийиктикте. Калкы 761 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, ФАП бар.