АДРОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
   АДРОНДОР (гр. h a d г о s – чоң, күчтүү) – ядро­лук өз ара аракеттенишүүгө катышуучу эле­ментардык бөлукчөлөрдун тобу. Бул термин 1967‑ж. Л. Б. Окун тарабынан киргизилген. А‑го бардык бариондор (нуклондор – протон, нейтрон) ж‑а мезондор кирет. Эркин абалда бардык А. (протондон башкасы) туруксуз, жашоо убактысы өтө кыска.