АДРИЯ ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин ж‑а Балкан ж. а‑нын аралы­гында. Италия, Словения, Хорватия, Босния ж‑а Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысы­гы аркылуу Иония деңизи м‑н туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгаш кан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чы гыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун темп‑расы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуу­лугу 35тен 38%оге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийикт. 1,2 м). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть ж‑а газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Чер ногория), Дуррес, Влера (Албания).