АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ (ADOBE ACROBAT) – бир нече иштетүү чөйрөсү м‑н бир­диктүү документтерди даярдоо ж‑a таратуу сис­темасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. А. а. с. аркылуу PDF (Portable Document Format) калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын про­граммаларын иштете алган каалагандай ком­пьютердик системаларда окууга болот. Бул про­грамманын калыбын Windows, Macintosh ж‑a Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү систе­малары колдойт.