АДМИРАЛТЕЙСТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – 1) 17–19‑к. Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскер-­деңиз күчтөрүн башкаруучу ж‑a командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда А. Улуу Брита­нияда гана сакталып калган. Ал 1690‑ж. не­гизделип, 1869‑жылдан А‑нун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз иштери б‑ча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт-­Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чий­меси б‑ча Балтика деңизинде Неванын жээги­не биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑ж. салынган. 1711‑ж. башкы фасаддын ор­тосуна шпили м‑н мунара тургузулган. 1732–38‑ж. таш м‑н кайра курган кезде (арх. И. К. Коробов) мунаранын бийикт. 72 мге жетип, шаар­дын арх‑ралык композициясынын ролун кү­чөткөн. 1806–23‑ж. арх. А. Д. Захаровдун дол­боору б‑ча П түрүндөгү планды сактоо м‑н чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут‑Малиновс­кий, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пименов ж. б. аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 1945–56‑ж. калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ. В. И. Щербакова). А. ансамбли Санкт‑Петербургдун санжыргаларынын бири.
Ад.: Пилявский В. И. Главное адмиралтейство в Ленинграде. Л.; М., 1945; Сашонко В. Н. Адмиралтейство. 3‑изд. Л., 1982.