АДИПИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИПИН КИСЛОТАСЫ НООС(СН2)4‑СООН – эки негиздүү органикалык кислота. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү 1149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда ээрийт, этил спиртинде жана эфирде аз өлчөмдө ээрийт. Ал циклогексанолду азот кислотасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек менен окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.