АДИЛОВ Айбек Насырович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИЛОВ Айбек Насырович [10. 2. 1974‑жылы туулган, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары] – юрист, юридика илимдеринин доктору (2011), профессор (2016), милициянын полковниги. 1995‑жылы КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебин (1995), РФ ИИМдин академиясын (1999) бүтүргөн. 1995–96‑жылдары Бишкек шаарынын 1‑Май райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү, 1996–99‑жылдары КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде адъюнкт, 1999–2006‑жылдары КР ИИМдин Академиясында илимий-изилдөө жана редакциялык‑басма бөлүмүнүн башчысы, 2006–09‑жылдары РФ ИИМдин Башкаруу Академиясында докторант, 2010‑жылы КР ИИМдин Академиясынын Башкаруу теориясы жана информатика кафедрасында доцент, 2010–11‑жылдарда профессор, 2011‑жылдан КР ИИМдин Академиясынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинде начальник. Сот бийлиги, прокурордук көзөмөл, укук коргоо органдарынын ишин уюштуруу боюнча адис. 80ден ашык ил. эмгектин (анын ичинде 3 монография, 2 окуу китеби) автору. Ч. Айтматов атындагы КРдин мамлекеттик жаштар сыйлыгынын алтын диплому, РФ, КР ИИМдин медалдары менен сыйланган.