АДЖАНТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЖАНТА – Батыш Индияда Вахор дарыясынын өрөө­нүндөгү аскага чегилип жасалган будда монас­тырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. Аджантадагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑кылымына, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сакталыл калган) б. з. ч. 2–1‑кылымга таандык.

Файл:АДЖАНТА1.png
Үңкүрдөгү сүрөттөн фрагмент, Ансара («асман кызы»), 5–7‑к.

Аджанта үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, ошондой эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат. Аджантадагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп жактуу турмушун чагылдырат.